25-июнда Улуттук банк кредиттик аукцион өткөрөт.
Анын алкаганда, «Ишкердик субъектилерди каржылоо» программасы боюнча
коммерциялык банктарга 1 миллиард сом насыя берилет. Карыз COVID-19
вирусунун жайылышынан улам экономикага кедергисин тийгизген жагдайларды
жөнгө салуу жана экономиканын реалдуу секторун колдоого берилет. Кредиттик
аукционду өткөрүү шарты Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө
салуу комитетинин 22-июнундагы отурумунда аныкталат.