Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт, бирок акырындап жогорулашы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт, бирок акырындап жогорулашы мүмкүн.

Монополдукка каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаковдун айтымында,

күйүүчү май рыногунда ведомство үч механизм менен иш алып барууда. Алар: ишкерлер менен

жолугушуу өткөрүү, материалдын өз наркы жана ташуу чыгымдары боюнча талдоо жүргүзүү,

ошондой эле баа кескин көтөрүлүп кеткенде эскертүүлөрдү берип, айып салуу. Тайлаков

белгилегендей, учурда Чаткал районунда Бишкекке караганда күйүүчү майга болгон

баа 10 сомго чейин кымбат болууда. Жерине эксперттик топ жөнөп кетти.