«Кальмар оюну» сериалы буга чейин эң популярдуу болгон «Игра престолов» сериалынан ашты

«Кальмар оюну» сериалы YouTube сервисинде буга чейин эң популярдуу болгон

«Игра престолов» сериалынан ашты. Жарык көргөнүнө 2 ай боло элек корей сериалы

тууралуу видеолордун саны YouTube тармагында 131 миңден ашып, 17 миллиард жолу көрүлдү.

Комментарий жана лайктардын саны 533 миллионго жетти. Ал эми «Игра престолов» сериалына

тиешелүү бардык видеолордун саны 420 миң жана 10 жыл ичинде ал 16 миллиард 900 миллион

жолу көрүлгөн. Ага калтырылган пикир жана лайктардын саны 233 миллиондон ашык.

Учурда «Кальмар оюну» сериалы 90 өлкөдө көп көрүлгөн тасмалардын сап башында турат.