Кыргызстанга кумшекер жана суу майды импорттоочуларга берилген жеңилдиктердин
мөөнөтүн узартуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтом долбоорун айыл-чарба министрлиги демилгеледи. Анда, кумшекерди КНС жок импорттоо 30-сентябрга чейин,
ал эми май – 31-декабрга чейин деп белгиленген. Эске салсак, ушундай чаралар
буга чейин дагы кабыл алынган. Министрлер кабинетинин кумшекер жана
майды 0 ставкасындагы КНС менен импорттоо тууралуу токтомунун мөөнөтү кечээ аяктады.