Японияда жылмаюуну үйрөткөн курстар популярдуу болууда

Японияда жылмаюуну үйрөткөн курстар популярдуу болууда. Коомдук жайларда үч жыл милдетүү беткап кийгенден кийин айрым тургундар туура жылмаюуну унутуп калганын айтышууда.

 

Курстарда адамдарга беттин ар кандай бөлүктөрүн, жада калса моюндун булчуңдарын сунууга жана ийүүгө үйрөтүшөт.

 

Идеянын авторлору акыркы айларда курска төрт миңден ашуун адам катышканын билдирди.