Кыргызстанда күзгү-кышкы сезонго даярдык аяктады

Кыргызстанда күзгү-кышкы сезонго даярдык аяктады. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, энергетикалык комплекс ишканалары отун даярдоо боюнча пландарын бекитти.

 

Андан тышкары, жабдуулар, электр жана жылуулук тармактар толук оңдолду. Коронавирусту дарылоо үчүн колдонулуп жаткан объектилер өзгөчө көзөмөлгө алынат, — дешти ведомстводон.