Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 30 пайызга азайды

Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 30 пайызга азайды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылы республика боюнча 3 жарым миң тилсиз жоо катталды.

Ал эми аталган кырсык 2018-жылы 4 жарым миңге жеткен. Өрттөрдүн негизги себептери

отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын туура эмес колдонуу,

мештерди этиятсыз пайдалануу жана балдардын от менен ойноосу.

Бул жылы тилсиз жоонун кесепетинен 40 адам каза таап, 60 адам жабырды.