Нарында инфекциялык оорукананын курулушу уланууда

Нарында инфекциялык оорукананын курулушу уланууда.

Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө дубалдарды тургузуу,

терезе рамкаларын орнотуу жана чатырды монтаждоо жумуштары аткарылып жатат.

Оорукананын долбоордук кубаттуулугу 70 орунду түзөт. Курулуш иштери

“Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” фонду тарабынан жүргүзүлүүдө.

Учурда жалпы каражаттын 45 миллион сому бөлүнүп берилди.