Кыргызстанга учак, поезд менен келгендерди текшерүү күчөтүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарыялады. Өкмөт башчы белгилегендей, коңшу мамлекеттердин дээрлик бардыгында коронавирус катталды.
Буга байланыштуу буга чейин иштеп жаткан иш-чаралар күчөтүлдү. Авиа каттам, поезд жолу аркылуу келип жаткан жарандар кылдат текшериле баштады. Андыктан, айрым текшерүү процесстери узарат. Жарандар муну түшүнүү менен кабыл алышы керек, — деди Абылгазиев.