Баткенде жеке ишкер чакан ГЭС курду.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, гидроэлектрстанция Баткен районуна караштуу Кыштут айылында жайгашты.
Кубаттуулугу 10 МВт болгон ГЭСтин сметалык баасы 7 миллион долларды түздү.
Анын алкагында Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен камсыздалуусу күтүлүүдө.