Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери 10,8 пайызга кымбатташы күтүлөт

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери 10,8 пайызга кымбатташы күтүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, абоненттердин бардык категориясы үчүн тарифтик саясатты инфляция деңгээлине жараша өзгөртүү пландалууда.

 

Күтүлгөндөй, жаңы баалар ушул жылдын 1-майынан тарта күчүнө кирет.

 

Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.