Кыргызстанда кечээки кооз датада дээрлик 200 жуп баш кошту

Кыргызстанда кечээки кооз датада дээрлик 200 жуп баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. 23.03.23 датасында Бишкекте 104 жуп турмуш жолуна аттанды.

 

Ведомстводон белгилешкендей, акыркы жылдары жаштар баш кошуу үчүн ушул сыяктуу кооз даталарды тандагандыктан, мындай күндөрү нике күбөлүгүн алгандардын саны арбын.