Нарын облусунда эт комбинаты курулат

Нарын облусунда эт комбинаты курулат. Ишкана Ат-Башы районунда орун алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Ал белгилегендей, курулушка  дээрлик 1 миллион долларды жеке инвесторлор бөлүп берет. План боюнча, комбинат 2025-жылга чейин ишке берилет. Ал ачылгандан кийин 80 жаңы жумуш орду пайда болот.