Кыргызстанда коронавирус дагы 48 адамдан тастыкталды

 

Кыргызстанда коронавирус дагы 48 адамдан тастыкталды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей,

жаңы катталган бейтаптардын 18и медицина кызматкерлери. Белгилеп кетсек,

өлкөдө вируска кабылгандардын саны 554кө жетти. Алардын арасынан

134ү медицина кызматкерлери. Бүгүн үч адам илдеттен айыгып,

ооруканадан чыгарылды. Муну менен жалпысынан 133 адам вирустан сакайды.