Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус өлкө аймагында катталган жок, — деп билдиришти коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча республикалык штабдан. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

 

Январдан бери эпидемиологиялык абал курчуп турган мамлекеттерден келген жарандардын баары текшерүүдөн өтүп, карантинге алынып, ошондон кийин гана өлкө аймагына киргизилүүдө.

 

Бүгүнкү күндө Япония, Түштүк Корея, Иран, Кытай жана Италиядан келгендер карантинде. Тизме вирустун жайылышына жараша уланышы мүмкүн.