Кыргызстанда мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандарды каттоо узартылды.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Ушул жылы мөөнөтү өткөн
паспорттор 31-декабрга чейин жарактуу болот. Ал эми чет элдик жарандар жана жарандыгы
жоктор өзгөчө кырдаал режими алынгандан тартып 10 күндүн ичинде каттоосун узартышы зарыл.
Бүтүрүүчүлөргө ID-картасы жок учурда аттестаттарын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн
негизинде берилиши күтүлүүдө. Каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн,
жарандарга көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин айып чегерилбейт.