Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 318 миң, экинчи дозасын 104 миң жаран алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 318 миң,

экинчи дозасын 104 миң жаран алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана

социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында жалпысынан 847 эмдөө түйунү иштеп жатат.

Эске салсак, 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын

1 миллион 200 миң дозасы келип, аймактарга бөлүштүрүлгөн.

Учурда массалык түрдө эмдөө жүрүп жатат.