Ош облусунан 6 ыктыярчы дарыгер Ысык-Көл облусуна кетишти.
Адистер өз демилгеси менен аймактагы кесиптештерине коронавирус менен
күрөшүп жаткан кесиптештерине жардам беришет. Медициналык топ
Каракол шаарындагы облустук ооруканадагы изоляцияда иштейт.
Мындан тышкары, 5-августта дагы 2 реанимотолог дарыгер учуп Ысык-Көлгө барат.