Кыргызстанда быйыл 6 айда жол кырсыгынан 329 киши каза тапты

Кыргызстанда 2021-жылдын алгачкы алты айында 3400дөй жол кырсыгы катталып,

андан 329 киши каза болду. Дагы 5000 адам жаракат алды.

Бул тууралуу жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын

штабынын жетекчиси Өткүрбек Умаров билдирди.

“Жол кырсыктарынын 84% айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жатат.

Алардын ичинен бир жыл тажрыйбасы бар айдоочулардын күнөөсүнөн

болгон кырсыктар жыл сайын 500дөн ашат”.

Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү автокырсыктар көбөйдү.

22-июль күнү кечинде Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда эки машина

кагышып алты киши мүрт кетти. Эки адам ооруканада.

21-июлда Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда

авариядан беш киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.

10-июлда да Ош облусунун Алай районунда жана Бишкек-Ош автоунаа

жолунда болгон эки кырсыктан төрт адам өлгөн.

Бул алты айдагы статистикага киргизилген эмес.