Кыргызстанда коронавирустан 50 миңден ашык адам эмделди

Кыргызстанда коронавирустан 50 миңден ашык адам эмделди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, препараттын экинчи дозасын алгандардын саны 10 миң 886ны түзөт.

 

Эмдөө алгандардын көбү Бишкекке туура келет, андан кийин Чүй, Жалал-Абад, Ош облустары турат. Эң аз – Нарын облусунда.

 

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан массалык эмдөө 29-мартта старт алды.