Ош шаарындагы Алишер Навои мектебинде ачылган күндүзгү стационар жабылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, аталган стационарга кайрылгандардын саны азайгандыктан
азырынча толугу менен эмес, убактылуу ишин токтотту. Белгилеп кетсек, Ош шаарындагы
18 изоляцияда 1 миң 182 орун даярдалган. Күндүзгү 6 стационар ачылса,
анын ичинен 4 стационар бейтаптарды күнү-түнү кабыл алды.