Кыргызстан болжолдуу түрдө күтүлүп жаткан коронавирустун күзгү-кышкы сезондогу толкунуна даярданууда.
Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирет.
Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна ылайык, клиникалык протоколдун
5-версиясын иштеп чыгуу пландалууда. Андан тышкары, кошумча стационарлар уюштурулду,
дары-дармектер жана жабдуулар сатып алынды. Кыргызстанда ПЦР-тесттин запасы болжолдуу түрдө 2,5 айга жетет