Ошто мечиттерди ачууга даярдыктар көрүлүүдө

Ошто мечиттерди ачууга даярдыктар көрүлүүдө. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, диний мекемелерде санитардык коопсуздук боюнча алгоритм иштелип чыкты.

 

Ага ылайык, мечитке келгендердин ортосунда коопсуз аралык сактап, антисептикалык каражаттар колдонулушу керек. Белгилеп кетсек, Ош шаарында жалпысынан 79 мечит бар. Алар марттан бери пандемияга байланыштуу жабык болчу.