Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызмат ордуна арыздарды кабыл алууну аяктады. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муфтийликке талапкер катары 9 адам арыз берген:
1. Нурбек Токтогулов;
2. Султанали Гапуров;
3. Шүкүр Исмаилов;
4. Нематилла Жээнбеков;
5. Ниязали Арипов;
6. Убайдулла Сарыбаев;
7. Шакир Маматов;
8. Сайдамир Жейналиев;
9. Замир Ракиев.
Эске салсак, муфтийди шайлоо 26-июнга жылдырылган.