Кыргызстандагы христиандардын сууга чөмүлүү боюнча крещение деп аталган диний жөрөлгөсү токтотулду

Кыргызстандагы христиандардын сууга чөмүлүү боюнча крещение деп аталган диний жөрөлгөсү токтотулду.

 

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынан билдиришкендей, бул жылы салтанатты расмий өткөрүүгө коронавирусту жуктурган адамдардын санынын көбөйүшү жана омикрон штаммынын аныкталгандыгы үчүн тыюу салынды.

 

Белгилеп кетсек, бул салт жыл сайын 19-январда белгиленет. Алар сууга чайынуу менен кошо жан дүйнөсү тазаланып, ишеними жаңырат деп ишенишет.