Кыргызстанда мейманканаларды онлайн брондоо боюнча 5 система ишке кирет

Кыргызстанда мейманканаларды онлайн брондоо боюнча 5 система ишке кирет. Туризмди өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, система конок үйүнүн сайтына кошулат.

 

Кардарга номердин категориясын тандап, жайгаша турган күндөрүн белгилеп койсо жетиштүү. Системаларда мейманканалардагы бош бөлмөлөрдүн саны көрүнүп турат. Фонддон белгилешкендей, жаңычылдык туристтердин санын көбөйтүп, ишкерлерге КМШнын жаңы рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет.