Кыргызстандын куткаруучулары Түркиядан эртең, 21-февралда кайтып келишет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында Кыргызстандан барган 170тен ашык куткаруучулар, дарыгерлер жана психологдор иштеди. Алар тобу менен 7-февралдан тарта жөнөп кеткен.
Андан тышкары, Кыргызстандын бийлиги Түркияга гуманитардык жардам дагы жөнөттү. Соңку маалыматтар боюнча, кыргызстандык куткаруучулар уранды алдынан 12 тирүү адамды алып чыкты.