Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медаль тагынды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медаль тагынды. Суу спортунун түрлөрү боюнча федерациясы билдиргендей, ал Кошмо Штаттардын күчтүү суучулдары катышкан абройлуу турнирде 100 метрге брасс ыкмасы менен сүздү.

 

Спорт адистеринин пикиринде, бул Олимп оюндарынын финалына татыктуу сүзүү болду.