Саламаттык сактоо министрлиги 200 млн сомго дары сатып алат

Саламаттык сактоо министрлиги 200 миллион сомго диабетке каршы дары сатып алат.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда дары-дармектерди сатып алуу иштери башталды.

Эндокринологиялык борбордун арызына ылайык техникалык шарттар даярдалууда.