Бийлик жайкы туристтик сезонду уюштуруу боюнча иш-чаралар планын бекитти

Бийлик жайкы туристтик сезонду уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитти. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, планда өлкөгө туристтерди тартууга жана тартипти камсыздоого багытталган бир катар жумуштар камтылган.

 

Мындан тышкары өрт коопсуздугу, жол кыймылынын эрежелери да эске алынган. Ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинин абалы да көзөмөлгө алынат.

 

Жайкы туристтик сезонду коопсуз өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.