Коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын 110 миң дозасы октябрь-ноябрь айларында келет.
Бул тууралуу novosti.kgге республикалык имуннопрофилактика борборунун директору
Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, препарат COVAX программасынын
алкагында жеткирилет. Ошондой эле кийинки айда Pfizer вакцинасынын келиши дагы күтүлүүдө.
Кошумчаласак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда вакцинациянын толук курсунан
жарым миллиондон ашык адам өттү.