Кыргызстанда «Легалдуу эмес — 2021» рейди башталды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Рейд 18-октябрга чейин уланат жана ал ЖККУнун мыйзамсыз
миграцияга каршы күрөшүү системасынын алкагында жүргүзүлөт.
Министрлик чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды
өлкө аймагында жүрүү тартибин сактоого чакырат.