Кыргызстанда маданият кызматкерлери 64 миң сомго чейин айлык ала баштады

Кыргызстанда маданият кызматкерлери 64 миң сомго чейин айлык ала баштады.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкармалык башчысы социалдык төлөмдөр менен салыктарды эске алганда 35 миң 320 сом алып келсе, эми 64 миң 70 сом ала баштайт.

Ал эми эң төмөнкү айыл алган жөнөкөй адистердин маянасы 42 миң 969 сомду түзөт.

Буга чейин алардын айлыгы 15 миң 605 сом болчу.