16 жашка чыккан жарандарга банк карталарын берүү мөөнөтү азырынча тактала элек

Өлкөдө 16 жашка чыккан жарандарга банк карталарын берүү мөөнөтү азырынча тактала элек.

Бул тууралуу Novosti.kgге Улуттук банктан билдиришти.

Азыр укуктук, ошондой эле маалыматтык системаларды интеграциялоо маселелери чечилүүдө.

Анын жыйынтыгы боюнча тесттик иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда, андан кийин гана долбоорду ишке ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, 16 жашка толгондорго банк карталарын берүү накталай эмес төлөмдөр үлүшүн көбөйтүп, калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат.