Кыргызстанда малды жана үй канаттууларын каттоо жүрүүдө. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 25-декабрга чейин каттоочулар ар бир айыл-чарбачылыгын, үйлөрдү, эс алуу үйлөрүн, дача тилкелерин жана башка объектилерди кыдырып чыгат.
Ведомстводон белгилешкендей, бул өлкөдөгү малдын жана канаттуулардын так санын билүү үчүн жасалууда.
Алгачкы жыйынтык январда чыгарылат.