Кыргызстанда “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жаңы органдын максаты – эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казынасы тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу. Холдингдин уставдык капиталы 100 миллион сом.
Бийликтен убадалашкандай, кийинки жылдын алкагында компаниянын капиталы 1 миллиард сомго жеткирилет.