Кыргызстанда туризмди калыбына келтирүү үчүн иш-чаралар планы иштелип чыгат

Кыргызстанда туризмди калыбына келтирүү үчүн иш-чаралар планы иштелип чыгат. Туризм департаментинин маалыматына ылайык, ал июндун башында координациялык топтун отурумунда бекитилет.

 

Күтүлгөндөй, бардык иш-чаралар 2024-жылга чейин ишке ашырылат. Планды түзүүдө туристтерди тартуу үчүн чет мамлекетте маркетинг жаатындагы иш-чараларды аткаруу, инвестиция тартуу жана инфраструктураны жакшыртуу багыттарына басым жасалды.