Кыргызстанда «Электрондук мектеп» ачуу пландалууда

Кыргызстанда аралыктан окууга мажбур болгон балдар үчүн «Электрондук мектеп» ачуу пландалууда.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир класска 15тен 25ке чейин бала кабыл алып, алар менен онлайн иштөө пландаштырылууда.

Азырынча аталган долбоор Бишкектеги 4 лицейдин базасында ишке кирүүсү күтүлүүдө.