Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун санын көбөйтүү пландалууда.
Вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевдин айтымында, учурда өлкөдө 60 программа ишке ашырылууда.
Быйыл алардын саны 90го жетет.
Аткаминер мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилерин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга тоскоол болгон көйгөйлөрдү чечүүгө чакырды.
Кошумчаласак, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программалары саламаттык сактоо, өндүрүш, энергетика, билим берүү жана экономиканын башка тармактарын камтыйт.