Жумгалда көчкү жүрүшүнө жаан-чачын себеп болду

Жумгалда көчкү жүрүшүнө жаан-чачын себеп болду, жабылып калган жолду тазалоого бир жума талап кылынат. Бул тууралуу “Азаттыкка”  “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.

 

Эске салсак, кечээ Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Жыйынтыгында, Дыйкан айылын “Кара-Кече” көмүр кенинин “Борбордук” деген тилкеси менен байланыштырган стратегиялык жол тосулуп калган.  Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.