Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды


Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, эми жергиликтүү тургундар бир жерден паспортун каттап, ПИН код алып, “балага сүйүнчү” пособиесин алууга арыз таштаса болот.

 

Жалпысынан каттоонун 35 кызматы көрсөтүлөт. Белгилеп кетсек, жаңы борбордо калкты документтештирүү толугу менен автоматташтырылган, анда электрондук кезек жана видео байкоо системалары бар.