Валерий Кичин Кыргызстандын 2022-жылдагы мыкты футболчусу деп аталды

Валерий Кичин Кыргызстандын 2022-жылдагы мыкты футболчусу деп аталды.

 

Кечээ Бишкекте аталган спорт түрүндөгү мыктыларды сыйлоо аземи өттү. Салтанаттуу түрдө сыйлыктар 14 номинация боюнча тапшырылды.

 

Өлкөнүн мыкты футболчусу наамын улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин алды. Андан тышкары, Алимардон Шүкүров жана дарбазачы Эржан Токотаев талапкер болгон. Ал эми эң мыкты машыктыруучу деп Жейлан Арикан аталды.