Кыргызстанда декабрдан тартып АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы жөнгө салынат.
Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министрлер кабинети тиешелүү чечимди кабыл алса, аталган
агенттик күйүүчү-майлоочу майга бааны жөнгө салуу боюнча чара көрөт. Белгилеп кетсек,
учурда Экономика министрлиги демилгелеген АИ-80, АИ-92 жана дизелдик отунга
болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чечимдин долбоору коомдук талкууда.