Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташты

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарыялады. Анын айтымында, өлкө аймагында вируска чалдыгуу учурлары азаюуда.

 

COVID-19 вирусу менен ооруканада  учурда 232 бейтап жатат. Ал эми вирустан толугу менен айыккандардын саны – 600. Эң башкысы – дартты жугузгандар менен байланышта болгондорду аныктоо, — деди Үсөнбаев.