Бишкекте Кыргызстан-Индия ишкерлер форуму өтүүдө

Бүгүн 6-февралда Бишкекте Кыргызстан-Индия бизнес форуму өтүп жатат. Форумга катышуу үчүн эки өлкөдөн жалпысынан 250дөй ишкер чогулганын президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Агенттиктин директору Умбриэл Темиралиев өз сөзүндө ортодогу ишкерлик кызматташтыгын бекемдөөнүн негизги багыттарын, Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар, долбоорлор, жеңилдиктер тууралуу кеңири маалымат берди.

 

Мекеме билдиргендей, форумга билим берүү, саламаттык сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык жүк ташуулар, маркетинг жана консалтинг, анимация жана мультимедиа сыяктуу бир катар багыттар боюнча иштеген бизнесмендер катышууда.

 

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн, 2019-жылы стратегиялык кызматташтык тууралуу келишим кабыл алынган. Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө 12 миңдей индиялык улан-кыз кыргызстандык жогорку окуу айларында билим алууда.

Индия быйыл дүйнөдөгү калкы эң көп (дээрлик 1,5 миллиард адам) өлкөгө айланганын эксперттер белгилеп жатышат.