Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күч алуусу катталды. Санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришкендей, 27-марттан 3-апрелге чейин 5 миңден ашык учур катталды.
Бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 28 пайызга көп. Жума сайынкы мониторинг уланууда.
Дарыгерлер сасык тумоо жана вирустарды алдын алуу үчүн бет кап режимин сактап, санитардык-гигиеналык чараларды колдонуп, эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартууга чакырат.