Кыргызстанда жарандар коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын ала башташты.
Аны бүгүнкү күндө 100дөн ашык адам алды. Ал эми республика боюнча 12 миңден ашык адам эмдөөдөн
өттү, — дешти саламаттыкты сактоо министрлигинен. Андан белгилешкендей, вакцина 25-28 күн аралыкты
камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Учурда эмдөө алгандан кийин терс учурлар каттала элек.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска каршы массалык вакцинация 29-мартта башталды.
Ал жарандардын өз каалоосу менен ишке ашат.