Мектеп формасына бирдиктүү талаптар быйыл коюлбайт

Мектеп формасына бирдиктүү талаптар быйыл коюлбайт. Билим берүү министрлигинен такташкандай, окуучулар мектепке үстүнө ак, алдына кара кийим кийип келсе жетиштүү.

 

Эске салсак, Кыргызстан аймагында 2 миңден ашык мектеп салттуу форматта иштеп жатат. Бүгүн ордо калаанын билим берүү мекемелери дагы этап менен окуучуларды кабыл алып баштады.