Биринчи класска балдар электрондук кезек аркылуу гана кабыл алынат

Биринчи класска балдар электрондук кезек аркылуу гана кабыл алынат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жазылуу 15-февралда ачылат. Учурда адистер сыноо режими маалында кетирилген катачылыктардын бардыгын жоюу аракетин көрүүдө.

 

Программада эң көп адам факторунан каталар кетип жатты. Алсак, ата-энелердин көбү документтерди туура эмес толтурушкан, ал эми бул тууралуу маалымдоо кеч жеткен.