Жалал-Абадда мунай базада чыккан өрт өчүрүлдү

Жалал-Абадда мунай базада чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн мунай сактоочу цистернаны жумушчулар аралап жаткан учурда өрт чыгып кетти.

 

Жалынды өчүрүүгө алты бригада тартылды. Быйыл 10-майда Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда мунайды кайра иштетүүчү ушул эле ишканада өрт чыккан. Анда ишкана болжол менен 65 миллион сомдук чыгымга учураганы айтылган.